Read the Beforeitsnews.com story here. Advertise at Before It's News here.
Profile image
By Patriarchate of Moscow and All Russia (Reporter)
Contributor profile | More stories
Story Views
Now:
Last hour:
Last 24 hours:
Total:

Пасах майрамына карата Москванын жана бүт Орусиянын Патриарх КИРИЛДИН архипастырларга, пастырларга, монахтарга жана бүт Орусиянын Правос

% of readers think this story is Fact. Add your two cents.


Урматтуу кесиптеш архипастырлар, ыйык кызмат кылуучулар, Кудайды сүйгөн диакондор, адилеттүү иноктар жана бир туугандар!

Кудайга болгон ыраазычылык менен чын журөктөн баарыңарга улуу жана куткаруучу кабарды жарыялайм:

МАШАЙАК ТИРИЛДИ!

Жылдан жылга Жыйын бул кубанычтуу Пасах жарыясы менен эки мин жыл мурун болгон дүйнөлүк мааниге ээ окуяны күбөлүк кылат. Ошол күнү таң заардан тынчтыктын аялдары өздөрүнүн Устаты көмүлгөн жерге келип мүрзө бош экенин көрүшкөн. Машайактын Кудайлык күчү өлүмдүн мыйзамын талкалаган. Ал тирилди, муну менен Ал өлүм өмүрдүн аягы эместигин жана ал Кудайдын күчү менен жеңгенгенге боло тургандыгын бүткүл адамзатына күбөлүк кылган.

Машайактын тирилүүсү дүйнөнүн тарыхында өзүнүн уникалдуулугу менен жана Кудайдын ойу менен биздин дагы жеке тирилүүбүздүн башталышы болуп калды. Так ушул себептен, ар бир адам чындап эле өлүктөрдөн тирилгенге мүмкүнчүлүк алыш үчүн Куткаруучу бул дүйнөгө келген, азап чеккен жана өлүктөрдөн тирилген. Бул жөнүндө элчи Пабыл ачык айтат: «Кудай… өзүнүн күчү менен бизди дагы куткарат» (1Кор. 6, 14).

Ошондуктан Пасах майрамы өлүмдун үстүнөн болгон өмүрдүн жеңишинин майрамы, анткени Куткаруучу Машайактын Тирилүүсү аркылуу баардыгына өлүктөрдөн тирилүү мүмкүнчүлүгү берилген. Кандай гана жердик кыйынчылыктардан өтпөйлү, кандай гана сыноолор келбесин, кандай гана коркунучтар менен руханий күчсүз, келечекти көрүп тургандар коркутканга аракет кылбасын биздин дүйнөнү кабыл алуубуз тынчтыкта жана кубанычта болуусу керек, себеби Машайак тирилди!

Ыйык Орусияда Пасах майрамы дайыма эң улуу жана кубанычтуу болгон. Акыркы он жылдардын ичинде ал кайрадан көптөгөн үйлөргө жана үй-бүлөөлөргө кайтып келген. Азыр аны мурун Пасах куттуктоосу угулбаган жерлерде майрамдашат: ооруканаларда жана түрмөлөрдө, Армияда жана Флотто жада калса космосто.  Орусиянын жерлеринде болуп жаткан сырткы өзгөрүүлөр менен адамдардын рухунда чыныгы кайра төрөлүүлөр боло берсе экен, Машайактын Тирилүүсү ар бир жүрөктү толтуруп, Кудайлык сүйүүнүн жарыгы менен бир гана биздин бир туугандарбыз жана жакындарыбыз гана эмес, бирок жыйын үйүндө болгонго мүмкүнчүлүгү жоктор, карылар, оорукчандар жана жалгыздар жылыңышы үчүн.

Машайактын Тирилүүсү менен ишенүүчү адам чындыкта жашаганга, Кудайдын осуяты менен жашашганга: адамдарга болгон мамилесинде боорукер жана ырайымдуу, чынчыл жана жакшылык тилөөчу жана алардын кайгысын жана кубанычын тең болушо алганга жана жогорудан келген ырайым күчүнө кошулганга  мүмкүнчүлүк алат.

Бул жакындарга болгон машайакчылык мамиле өзүнө дагы өзүнүн өлкөсү үчүн, эли үчүн, үй-бүлөөсү үчүн жана үйү үчүн кам көрүүнү камтыйт. Түбөлүктүү руханий баалуулуктардын приоритеттерин насаат кылуу менен Жыйын өзүнүн балдарын убактылуу бирок чыныгы Кудай жараткан баалуулуктарга: бизди курчап турган жаратылышка, биздин бабалар аркылуу кылымдар аралыгында жаратылган бай культуралык мураска этияттык менен мамиле кылууга чакырат. Православиянын руханий кенчин жана салтын сактоочу болуу бул – өзүн, ички дүйнөсүн активдүү түрдө өзгөртүү жана бизди курчап турган дуйнөнүн сулуулугуна жана гармониясына көмөк көрсөтүү жана адамдык каардуу ыктыяр менен талкаланган нерсени ошол жерде кайра курууну билдирет. Машайакчынын чакырыгы жана жоопкерчилиги ушундай.

Теңир бизден биздин күчүбүз жетпеген эрдикке барууну талап кылбайт. Адамдын жанына кайрылуу менен Ал уламдан-улам мындай деп чакырат: «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарынар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем, Мен берген моюнтурукту алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар. Анткени Мен берген моюнтурук жакшы, жүгүм женил» (Мф. 11, 28-30). Теңир бизге берип жаткан моюнтурук канчалык жакшы жана жеңил экендигин сезиш үчүн жана түшүнүш учүн жакындарга жана алыстарга жакшылык кылганды үйрөнүш керек. Бул окутууда биринчи гана кадамдар оор: өз убагында токтоп калуу жана оройлукка оройлук менен, жамандыкка жамандык менен, жалгандыкка жалгандык менен, соттоого соттоо менен жооп бербөө. Андан тышкары жок дегенде бир жолу үй-булөөдө болобу, жумушта, киргенде же жөн эле коншулар жана тааныштар менен болгон баарлашуу учурунда башка адамга пайда алып келген туура жана чынчылдык мамиледен канааттануу. Эгер жакшы иштер өз кызыкчылыктарыбыз үчүн эмес бирок чын жүрөктөн чыкса бул канааттануу сезими кубанычтуу жана рухтун оптимисттик абалына өсө алат жана биздин жашообуздун болугу болуп калат. Биз жасап жаткан жакшы иштер менен коомдук тынчтыктын ортосунда бекем байланыш бар экенин түшүнгөндө гана коом жакшы жакка өзгөргөнүн сезебиз.

Биздин жеке жашообоздагы, профессионалдык жана коомдук чөйрөбүздөгү иш аракеттерибиздин Евангелистик мотивациясы толугу менен бизди дагы жана бизди курчап турган дуйнөну дагы өзгөртө алат.

«Кудай тирилип Анын душмандары талкаланса экен!» – деп бул жаркыраган түнү жар салабыз. Кудай биздин жүрөгүбүздө тирилсин жана жалгандык, карама-каршылык, каар, чыр-чатак жана башка ар кандай биздин жашообуздагы бөлүнүүлөр талкалансын.

Кымбаттууларым, чын жүрөгүм менен баарыңарды Ыйык Пасах майрамынар менен куттуктайм. Чындап эле Тирилген Теңирибиздин жардамы жана батасы ар бирибизди кийинки Жыйындын данкы үчүн болгон эмгектерибизде, биз жашап жаткан өлкөлөрдүн пайдасы үчүн, жакындардын жана алыстардын жакшылыгы үчүн коштоп жүрсүн. Омийин.

МОСКВАНЫН ЖАНА БүТ ОРУСИЯНЫН ПАТРИАРХЫ

Москва,

Христостун Пасахы

2011 ж.

Read more at Patriarchate of Moscow and All Russia



Before It’s News® is a community of individuals who report on what’s going on around them, from all around the world.

Anyone can join.
Anyone can contribute.
Anyone can become informed about their world.

"United We Stand" Click Here To Create Your Personal Citizen Journalist Account Today, Be Sure To Invite Your Friends.

Please Help Support BeforeitsNews by trying our Natural Health Products below!


Order by Phone at 888-809-8385 or online at https://mitocopper.com M - F 9am to 5pm EST

Order by Phone at 866-388-7003 or online at https://www.herbanomic.com M - F 9am to 5pm EST

Order by Phone at 866-388-7003 or online at https://www.herbanomics.com M - F 9am to 5pm EST


Humic & Fulvic Trace Minerals Complex - Nature's most important supplement! Vivid Dreams again!

HNEX HydroNano EXtracellular Water - Improve immune system health and reduce inflammation.

Ultimate Clinical Potency Curcumin - Natural pain relief, reduce inflammation and so much more.

MitoCopper - Bioavailable Copper destroys pathogens and gives you more energy. (See Blood Video)

Oxy Powder - Natural Colon Cleanser!  Cleans out toxic buildup with oxygen!

Nascent Iodine - Promotes detoxification, mental focus and thyroid health.

Smart Meter Cover -  Reduces Smart Meter radiation by 96%! (See Video).

Report abuse

    Comments

    Your Comments
    Question   Razz  Sad   Evil  Exclaim  Smile  Redface  Biggrin  Surprised  Eek   Confused   Cool  LOL   Mad   Twisted  Rolleyes   Wink  Idea  Arrow  Neutral  Cry   Mr. Green

    MOST RECENT
    Load more ...

    SignUp

    Login

    Newsletter

    Email this story
    Email this story

    If you really want to ban this commenter, please write down the reason:

    If you really want to disable all recommended stories, click on OK button. After that, you will be redirect to your options page.